• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Баткенде аскер кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдү ачты

Президент 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Бужум айылындагы Туура-Таш участкасында аскер кызматкекрлери үчүн курулган көп батирлүү үйлөрдүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө аскер кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, жаңы үйлөрдүн ачылыш аземи ал үчүн дайыма кубанычтуу экендигин белгиледи.

Президент акыркы күндөрү иш сапар менен Талас, Ош, Жалала-Абад облустарын кыдырып жүргөндүгүн айтып берди.

“Ушу үч күндөн бери мен кыргыз-казак чек арасындагы баш-аламандыкка, Евразиялык экономикалык бирликтин бардык ченемдери жана макулдашуулары бузулуп жаткандыгына көз салып жатам. 3 миң жылдык жазууга ээ болгон кыргыз эли көп сыноолорду жана кыйынчылыктарды баштан кечирди. Үч кылымдык тарыхы бар эл 3 күндүк блокададан коркуп калбайт. Эч качан, эч бир акчага, эс кандай кысым алдында чет элдик “шестеркаларды” шайлабайт. Намыс баарынан бийик. Биз ар кандай кыйынчылыктарды көрдүк, 2010-жылы 1,5 ай блокаданы, адамдардын кыйналганын көрдүк, бүгүнкү мыйзамсыздыкка дагы туруштук беребиз. Биз өз эгемендүүлүгүбүздү коргоп кала алабыз. Тилекке каршы биз бүгүн өлкөбүз чет элдик аскер киргизбей эле, сатып алуу аркылуу, Мамлекет башчы катары “шестерканы” таңуулоо аркылуу эле эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алышыбыз мүмкүн экендигин көрүп турабыз. Мындай болбойт! Мен билем эч качан мындай болбойт! Кимдир бирөө кошунанын үйүн өрттөйм дегиси келгенде, шамал багытын өзгөртүп, өз үйү дагы күйүп кетиши мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек. Биз, кошуналар тынчтыкта жана достукта жашашыбыз керек, бир бирибизге жардамдашып жашаш керекпиз. Казакстанда катуу ачарчылык болгондо жүз миңдеген казактар биздин элибиздин аркабыз менен аман калган. Элибиз акыркы наны менен тең бөлүшкөн. Биздин тамырыбыз бир, биз бир элбиз. Азыр ар бир кыргызда казактын каны, ар бир казакта кыргыздын каны агып турат. Менин чоң энелерим казак. Менин биринчи неберем – казак кызынын уулу. Хандар, султандар, президенттер эч качан бир тууган эки элдин ыркын буза албайт”, -деди Президент.

Алмазбек Атамбаев кыргыз элин акчага сатып алам же коркутуп алам дегендер катуу жаңылышаарын баса белгиледи. ”Кыргыз эли эч качан тизелеп турган эмес, эч качан тизелеп турбайт дагы”, -деди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев көз карандысыз Кыргызстан өзүнүн жолу менен мындан ары дагы алдыга бара берет деп сөзүн улады.

“Акыркы беш-алты жылдын аралыгында республикада кандай өзгөрүүлөр болгондугун өзүңүздөр көрүп турасыздар. Мурда Россиянын Президенти айткандай, армиябыз жылаңайлак жүргөн. Азыр кыргыз жоокерлери татынакай үйлөрдү алып атат, татынакай маяна алып жатат. Татынакай мундирлери менен жүрүп жатышат. Биздин азыр армиябыз бар. Кыргыз элинин колу бар. Болгондо да күчтүү колу бар. Ал үчүн биздин аскерлерге чоң рахмат. Аскерлерди тарбиялаган ата-энеңиздерге, ушул жерде турган өмүрлүк жарларга чоң рахмат. Бүгүнкү майрамыңар менен дагы бир жолу куттуктайм, конуш жайлуу болсун”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы сөзүн аяктап, үйлөрдүн короосуна балдар үчүн аянтча курууга 300 миң сомдук сертификат тапшырып, батирлерди кыдырып көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий