• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев: Билим берүү – азыркы дүйнөдө Кыргызстандын татыктуу ордун камсыз кылып, өлкөнү алдыга өнүктүрүүнүн башкы фактору

Президент 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстинде төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу педагогдор жана билим берүү тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Билим берүү – азыркы дүйнөдө Кыргызстандын татыктуу ордун камсыз кылып, өлкөнү алдыга өнүктүрүүнүн башкы фактору. Ошондуктан санариптик трансформациянын улуттук программасы “Таза коом” 2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын урунттуу компоненти катары кызмат өтөйт. Улуттук программа адам потенциалына негизделип, анда билим берүүгө өзгөчө орун ыйгарылган.

Биз балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча бай тажрыйбабызды сактап жана өркүндөтүүгө, балдардын ой жүгүртүүсүн, татаал маселелерди чече билүү жөндөмүн өнүктүрүп, билимин иш жүзүндө пайдалана билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мына ушул жол бизди ийгиликке жеткирет.

Өз окуучуларын жана студенттерин жакшы көрүү жана Кыргызстандын өсүп келе жаткан мууну үчүн жогорку жоопкерчилик сезими менен айкалышкан ишке новатордук, чыгармачыл мамиле жасоо коомубузду инновациялык жаңылоодо маанилүү милдет өтөйт.

Акыркы жылдары мамлекет билим берүү системасына XXI кылымга керектүү контурларга ээ болуусуна көмөк көрсөтүүгө умтулуп келди. Нефти менен газдын запастары жок болгондуктан биз өлкөнүн башкы ресурстарына – адамдарга ишеним жүктөп жатабыз. Бюджеттик каражаттын 24 % билим берүү тармагына жумшайбыз. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө мындай нерсе жок. Мектептер, балдар бакчалары курулуп, алар жаңы жабдуулар менен камсыздалып, информациялык технологиялар өздөштүрүлө баштады. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан өлкөбүз мектеп мугалимдеринин жана балдар бакчаларынын айлык акысын жогорулатууга мүмкүнчүлүк тапты. Билим берүүнүн мазмуну өзгөртүлүп, азыркы турмуш менен, окуучулардын жана студенттердин кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта болуп баратат.

Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Көп иштер жасалды, бирок мындан дагы көп иштерди жасаш керек. Сиздерге мүнөздүү болгон күч-кайрат, кесипкөйлүк жана жаратмандыкка умтулуу менен сиздер билим берүү системасынын алдында турган милдеттерди ийгиликтүү аткарасыздар деп ишенем.

Дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм жана чың ден соолук, үй-бүлөдөгү жакшылыктарды жана мекенибиздин жаш жарандарын тарбиялоо ишинде чыгармачыл ийгиликтерди каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий