• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев Бишкек ЖЭБ башкы корпусунун ачылыш аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 30.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарынын ЖЭБда болуп, жаңы энергоблоктордун башкы корпусунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Улуттук энергетика холдинг компаниясынын төрагасы, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа, ТВЕА компаниясынын жетекчилери, ардагер энергетиктер жана борборубуздун ЖЭБнин эмгек жамааты катышышты.

Тасманы кесүү аземинен кийин Мамлекет башчысы башкы корпустун имаратын көрүп чыкты.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күн ага абдан кубанычтуу экендигин белгиледи. “Бул майрам. Майрам Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алдында өтүп жатканы абдан жакшы. Баардыгыңыздарды бүгүнкү жана келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайм”, -деди Алмазбек Атамбаев.- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Конституцияга ылайык президенттик мөөнөтүмө бир нече ай гана калды. 1-декабрда менин ыйгарым укуктарым соңуна чыгат. Мен бул күндөрү буга чейин кандай болгондугун жана алдыда эмне болоорун ойлоп жатам. Биздин эсибизде, көчө, үйлөр тургай, бүтүндөй райондордун светтери өчүрүлгөндө кандай болоорун шаардыктар жакшы билет. Бүтүндөй областтар светсиз же газы жок калган учурлар дагы эсибизде. Атамбаев 6 жыл президент болгондо эч нерсе жасалган жок деп айткандар, албетте, сокурлар. Элибиздин, эмгекчилерибиздин күч аракети, боордош достук мамиледеги өлкөлөрдүн көмөгү менен өлкөбүздүн жетишкендиктерин көргүсү келбегендер.

Мамлекет башчысы мындан бир нече жыл мурда Бишкек электр энергиясын коңшу мамлекеттин территориясы аркылуу алгандыгын эске салды. “ Кудай анын бетин нары кылсын, Бишкек светсиз калбагай эле деп, Жараткандан тилечүбүз. Ал кезде борборубуздагы ЖЭБ кубаттуулугу болгону 350 мегаватт эле. Ал турсун биз өз электр энергиябызды башка өлкө аркылуу алчубуз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле мамлекеттин көптөгөн маанилүү демилгелери сынга туш келгенин эске салды. “Датка-Кеминди” кура баштаганда, “Кыргызгазды” чириген түтүктөрү, карыздары менен кошуп “Газпромго” бергенде канча ызы-чуу болгону эсимде. Бирок бүгүн биз эч кимге тизелеген жерибиз жок”,- деди Президент. – Бир нече жыл мурда бул бир кыял сыяктуу сезилчү. Электр энергиябыз качан өзүбүзгө жете баштайт, жолдорубуз качан оңолот, качан аскерибиз болот деп кыялданчубуз. Мунун баары элибиздин эмгеги, досторубуздун көмөгү аркасында акыркы жылдардын аралыгында ишке ашырылды. Мен өз өлкөм менен сыймыктанам. Өз элим менен сыймыктанам. Ушул жылдары бизге көмөктөшкөн өлкөлөрдүн жетекчилерине терең ыраазымын.”

Президент өлкөбүз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө негиз болгон долбоорлорго гана кредит алгандыгын баса белгиледи. “Эгерде бизде Датка-Кемин ЛЭПи жок болсо, ЖЭБ болмок эмес. Электр энергиясы жетишпей, эч бир инвестор келмек эмес, -деди Алмазбек Атамбаев.- Станокту иштеткен, цехти жарык кылган, кийим тигүүчү машиналарды иштеткен светибиз жок болсо бизге кайдагы бизнесмен келмек эле?”

Мамлекет башчысы Бишкек менин шаарым, 40 жылдан ашуун өмүрү өткөн шаар экендигин айтты. Шаарда ар дайым ыңгайлуу шарттар, жылуулук, жарык болуп, жолдору жакшы болсо экен дечүмүн, деп белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Мамлекет башчысын шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаалга дагы токтолуп өттү. “Азыр Атамбаевдин жолун уланткан адам Президент болбосун үчүн көп иштер жасалып жатат. Биз ушунчалык кыйынчылыктар менен, көптөгөн жоготуулар, курмандыктар менен ушул жолду тапканбыз. Бирок эски тартиптерди орнотсом дегендер да бар. Кыргызстанды коммерциялык комокко айландырып, анын ресурстары менен, элдин трагедиясы менен акча тапсак дегендер да бар. Андай болбойт. Азыр бийлик административдик ресурстарды пайдаланып жатат деген шылтоо менен шайлоодон кийин өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракеттер жүрүп жатат. Мен 1-декабрга чейин өлкөнүн Президентимин, болгондо да мени эл колдоп турганда өлкөбүздү баш аламандыкка алып келем деп аракеттенгендерди катуу жазалаганга убактым жетет деп эскертким келет.”,- деп Алмазбек Атамбаев административдик ресурстан эмес, финансылык ресурстан коркуш керек экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы тышкы саясаттагы жетишкендиктерди айтып келип, башкы милдетибиз коңшулар менен жакшы мамилелерди түзүү болгондугун баса белгиледи. “Тышкы саясатта биз алдыга чоң кадам жасоого жетиштик”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары жакшы фундамент түзүлдү, эми бир-бир жарым жылдан кийин өлкөбүз алдыга башка ыргак менен өнүгө баштайт деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий