• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев: Бир адамдын каалоосунан көз каранды болгон Биримдик ишенимдүү боло албайт

Саясат 0

Бишкек, 27.10.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстан көп алданып жана ЕАЭБ көп ишенбеши керек. Бул тууралуу президенти Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекеттердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып билдирди.

“Кыргыз-казак чек арасындагы болгон акыркы окуялар биздин ЕАЭБге көп ишеним артып койгондугубузду көрсөттү. Буга карабастан мен ишенем, боордош Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болгон жана боло берет деп. Бирок бул окуялар бизге экономикалык өнүгүүдө ЕАЭБге көп ишеним артпоо керектигин көрсөттү. Бир адамдын каалоосунан көз каранды болгон Биримдик ишенимдүү боло албайт. Ар кандай биримдик биринчи кезекте Биримдиктин катышуучулары арасында түзүлгөн келишим жана макулдашууга баш ийиши керек”,-деди А.Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий