• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев: Биз келечекке, билимдүү жаштар муунуна инвестиция салууга басым жасап туура кылганбыз

Президент 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнүн алдыңкы студенттерин кабыл алып, сыйлык тапшырып жаткандыгына кубанычта экендигин белгиледи. “Бүгүнкүдөй күндөрү мен өзгөчө кубанам, күч-кубат алам, анткени өлкөнүн келечегин, эгемендүү, гүлдөгөн Кыргызстандын келечегин көрөм. Ар бир ирет эң негизги басымды келечекке инвестицияга жумшаганыбыз туура экендигине ынанам, -деди Алмазбек Атамбаев. – Бизде нефти жана газ жок, бирок биз өлкөнүн бюджетинин 24 % билим берүү системасына бөлөбүз, себеби Кыргызстандын келечеги билимдүү жаш муун. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн мисалы көрсөткөндөй, тескерисинче, нефти жана газы жок Япония, Германия сыяктуу өлкөлөрдө элдин жогорку турмуш деңгээли камсыз болгон. Ошондуктан сиздерге, сиздердин ата-энеңиздерге жана жакындарыңызга, мугалимдерге ыраазымын, сиздердей жаркыраган жаштарды тарбиялагандыгы үчүн. Силер өлкөнүн жаркын келечегин камсыз кыласыздар”.

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик кылган мезгилинде жаштарга олуттуу иштер туурасында аз айтканын белгиледи. “Бүгүн мен сиздерге олуттуу темалар туурасында бир аз сүйлөшкүм келди. Анткени сиздер акыркы президенттик шайлоодо жаштар кандай алдангандыгын көрдүңүздөр. Мен сиздер менен эгемендик, идеологиялык көз карандысыздык туурасында ой бөлүшкүм келип турат”, -деди ал.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн бардык өлкөлөрү көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөндүгүн баса белгиледи. “Азыр чет элдик аскер киргизбей эле биз көз карандысыздыкты жоготуп коюу коркунучу бар экендигин көрдүк. Акыркы шайлоодо Кыргызстанга кийин Кыргызстандын кызыкчылыгына иштебей турган адамды таңуулаганга аракеттенгендигин көрдүм, - деди Алмазбек Атамбаев. – Бирок биз өз көз карандысыздыгыбызды коргошубуз керек.

Президент бул өлкөнүн жетекчилигине таптакыр бөлөк адамды дайындап, Алматыда ондогон, жүздөгөн жаш адамдар көчөгө чыгышкан Казакстандагы 1986-жылдагы окуяларды мисалга келтирди. Азыр бул туурасында Казакстандын жетекчилиги эстен чыгарып койду.

Президент Алмазбек Атамбаев учурдагы кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдү эске салды. “Казакстандын айрым жетекчилери Кыргызстандан бардык транспорттук жана соода жолдору Казакстан аркылуу гана өтөт деп айтып жатышат. Бул чындыкка коошпойт. Каримовдун тушунда Өзбекстан светти жана газды өчүрүшкөндөрү эсимде. Бирок азыр биз Өзбекстан менен, Кытай жана Тажикстан менен мамилебиз жакшы. Албетте биз товарларды сатуунун башка жолдорун, башка рынокторду издешибиз керек, менимче биз ал жолду табабыз”,- деди Президент.

Мамлекет башчысы мына ошол аркылуу Кыргызстанды Россиядан кесип жаткандыгын болжолдоду. Бул Казакстандын Президентинин тегерегинин – олигархтардын таасиринин жыйынтыгы, алар Казакстан туурасында ойлошпойт, өздөрүнүн келечеги жана батыштагы жеке эсептери жөнүндө ойлойт. “Казакстандын Президенти, менимче бул туурасында шектенбесе да керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.

“Президент Назарбаев жөнүндө эмоционалдуу айтканымда мен чекилик кылган окшойм, ал дагы мен сыяктуу ишенчээк адам, кыязы анын дагы проблемалары көп сыяктанат. Бирок Казакстандын олигархиялык бийлигинин максаты таптакыр башкача, -деди Президент. – Акыркы жолу кириллицадан латиницага өтүү тууралуу чечим тегин жерден чыкпагандыр. Бул кадам - Россиядан бөлүү. Бул Россия менен чек арада Казакстандын аскерлери менен АКШнын деңиз пехотасынын биргелешкен машыгуулары. Акыркы жылдары биз Казакстандын аракеттери Евразиялык экономикалык бирликти бузууга багытталгандыгын көрүп турабыз”.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн көз карандысыздыгын сакташ керек, анын ичинде динге жамынып бизге жат маданиятты таңуулагандан дагы сактаныш керек экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы студенттерди ар дайым жакшылыкка ишениш керек, кичинекей жакшылык болсо дагы унутпай, ден соолукта болуп, өз кемчиликтерине каршы күрөшүүгө чакырып кетти. “Кечиримдүү болууга үйрөнүш керек, -деди Президент.- Балдарым менин, жакшылыкка гана ишенгиле, күчтүү болгула, ден соолугуңар чың, бактылуу болгула, кээде тагдырга каршы туруп күчтүү болгула”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев сөзүнүн аягында өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий