• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев: Биздин өлкө өзүнүн өнүгүү жолун тапты

Президент 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында облустун активи жана коомчулугу менен жолугушту.

Салттуу “суроо- жооп” форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө облустагы түрдүү тармакта ишке ашырылып жаткан долбоорлор, облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

“Өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолун тапты, эми алдыга ишенимдүү кадам шилтейт. Мамлекеттүүлүгүбүз мындан ары чыңдалган сайын нарындыктардын тынчын алган курч маселелер комплекстүү чечиле берет”, -деди Президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президенттин облустагы кечиктирилгис курч маселелерге тиешелүү тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы нарындыктарга ар дайым колдоп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушууга келген Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондорунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий