• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Чүй облусундагы Сокулук жана Москва райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 10-октябрда, Чүй облусундагы Сокулук жана Москва райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы жарандардын калктуу пункттарды таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылууга, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык обьектилердин курулушуна, ремонтуна жана башка маселелерге тиешелүү суроолоруна жооп берди.

Сугат жерлерин райондордун калкынын кызыкчылыгы жана регионду өнүктүрүү үчүн сарамжалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Алмазбек Атамбаев райондордун жашоочуларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Сиздердин колдооңуздар мага дем берип турду, сиздер мага ишенип, мени колдогонуңуздарды билип турдум», -деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өлкөбүз инфраструктураны өнүктүрүү, жарандардын арзан кредиттик ресурстардан пайдалануу жолдорун камсыз кылуу боюнча акыркы жылдарда көрүлгөн чаралардын кубаттуу колдоосун жакынкы жылдары сезээрин баса белгиледи. «Биз адилеттүү бийликтин жана эркин адамдардын өлкөсүн куруп жатабыз», -деди Президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы райондордун жарандары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий