• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сот Атамбаевди үч саясатчыга 300 миң сом компенсация төлөөгө милдеттендирди

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. Кабар/. Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага доо койгондордун ар бирине 100 миң сомдон төлөп берет. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алды.

Белгилей кетсек, бүгүн Октябрь райондук сотунда экс-депутат Ахматбек Келдибеков, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана "Апрель" телеканалынын башчысы Дмитрий Ложниковго карата доо арызын кароо улантылган.

Сот отурумунда тараптардын сөздөрү угулгандан кийин, сот Атамбаевди ар бир доочуга 100 миң сомдон төлөтүүнү чечти. Доочулар ал каражатты кайрымдуулукка жумшай турганын билдиришти.

Ошол эле учурда, "Апрель" телеканалы материалдык айыпка жыгылган жок.

Эскерте кетсек, экс-президент "Апрель" телеканалына маек бергенден кийин Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшебаев Алмазбек Атамбаев жана Дмитрий Ложниковго карата сотко 18 млн. сомго доо арыз беришкен. Алар, маек учурунда аларга карата айтылган сөздөр жалган экенин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий