• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев «Chaudhary Group» компаниясынын президентин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 26.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта «Chaudhary Group» компаниясынын президенти, филантроп, миллиардер Бинода Чаудхарини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Биноду Чаудхариге Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форумдун ишине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен «Chaudhary Group»компаниясынын жетекчиси Бинод Чаудхари өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн либералдуу шарттар түзүлгөнүн жана Кыргызстандын товарларын Евразия экономикалык бирлигинин жана Европалык союздун өлкөлөрүнүн рынокторуна пошлинасыз жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алуу менен Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

“Биз Кыргызстанда олуттуу реформалар өткөрүлүп жаткандыгын көрүп турабыз. Бул жагдай бизнесмендерге зор ишеним берүүдө”,-деди Бинод Чаудхари.

Ошондой эле жолугушууда атайын парктарды түзүү жолу менен сейрек жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти сактоо ишинде тажрыйба алмашууга жана кызматташууга көңүл бөлүндү.

Маалымдама: «Chaudhary Group» - штаб-квартирасы Непалда жайгашкан көп улуттуу конгломераттык компания. «Chaudhary Group» компаниясынын тобу 1,4 млрд. АКШ долларынан ашык деп бааланат. Мындан тышкары компания «Taj Safaris Wildlife Lodges» сафарисинин ээси, Непал менен Индиядада жапайы жаныбарларды сактоо ишине сезилерлик салым кошуп келет.

Пикир

Оставить комментарий