• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев чек арадагы кырдаал өзгөрүлбөсө, ЕАЭБ ыкчам жыйынын чакырууга мажбур болот

Саясат 0

Бишкек, 15.10.17 / Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын президенти кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал өзгөрүлбөсө, анда ЕАЭБ ыкчам жыйынын чакырууга мажбур болот.

“Казакстан бийлиги бул кырдаалды бүгүн бизде өтүп жаткан шайлоого карата жүргүзүлүп жаткандыгын айтууда. Көрөбүз, эгерде кырдаал бүгүн-эртең өзгөрүлбөсө, анда, мен ЕАЭБ ыкчам жыйынын чакырууга мажбур болот. Менин ага укугум бар”,-деди Атамбаев.

Президент чек арада кезек күтүп турганда Казакстан Республикасынын жараны каза болгондугун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий