• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев Чехиянын Президенти Милош Земан менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 10-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июнда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Чехиянын Президенти Милош Земан менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды

Мамлекет башчылары эки тараптуу байланыштарды бардык деңгээлде активдештирүүнү колдоорун билдирип, Кыргызстанга Чехия инвестицияларын тартуу маселелерин жана конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун перспективаларын талкуулады.

Чехиянын Президенти Милош Земан чех тарап Кыргызстанда энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Чехиянын Президенти Милош Земан аркылуу – чех элине Кыргызстанга өткөн кылымдын 30чу жылдары көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги ата мекендик өнөр жайдын калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстанда негизги чөйрөлөрдөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана бардык тармактардагы процесстердин ачык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий