• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты

Президент 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чон-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы оорукананын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө жер титирөөдөн жабыр тарткан жашоочулар менен жолугушту.

“Кыргызстанда жашоо шарттары татаал 3-4 район бар, анын ичинде - Чоң-Алай жана Чаткал райондору. Татаал шарттарда жашаган райондордун тургундары абдан чыдамкай, абдан сезимтал жана кең пейил болушат. Ошондуктан сабырдуулугуңар үчүн сиздерге чоң рахмат. Сиздердин ишенимсиз мага оор болмок”, -деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары Кыргызстанда дал ушул сиздер сыяктуу эмгекчил, чыдамкай жана сабырдуу адамдардын аркасы менен көп иштер аткарылганын белгиледи.

Элеттиктердин суроолоруна жооп берип жатып Президент турак жай менен камсыз кылуу маселелерин ипотекалык кредиттерди берүү аркылуу чечүүгө жана оорукана үчүн тез медициналык жардам машинасын сатып алууга каражат бөлүүгө убада берди.

Маалымдама: 50 орундуу оорукананын курулушу 2013-жылы башталган. Обьекттин сметалык баасы 54 млн.343 миң сом. Ооруканада 22 врач, ошондой эле орто жана кенже медициналык кызматкерлер иштейт. Койкалардын саны -120. Ооруканага 2 млн. сомго жабдуулар орнотулган жана 7,2 млн сомдук эмерек сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий