• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев: ЕАЭБ айрым президенттердин каалоолоруна жетектелсе, анда цивилизациялуу Биримдик боло албайт

Президент 0

Бишкек, 15.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Евразия экономикалык биримдиги айрым президенттердин орунсуз каалоолоруна жетектелсе, анда цивилизациялуу Биримдик боло албайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин жыйынында билдирди.

Президент айрым президенттердин орунсуз каалоолоруна жана кесирлерине жетектелсе, ЕАЭБ цивилизациялуу Евразиялык биримдик боло алабы? деген суроону койду.

“Түзүлгөн жагдайга ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн лидерлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын толук кайдыгерлиги мени таң калтырууда. Фактылар жана чындык ушундай”, - деп белгиледи ал.

Анын айтымында, бүгүн Казакстан бийлигинин аракеттери жана ЕЭКтин аракетсиздиги менен коңшулардын көзүнчө ЕАЭБдин аброюна оңдолбос шек келтирилди. “Бир гана адамдын орунсуз каалоолору менен кыймылдаган мындай Биримдикке кирүүнү ким кааласын”, - деди Кыргызстандын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий