• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Зилалиевди кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-июлда, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына гидроэнергетикалык тармакка жана өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Тактап айтканда, республиканын дарыяларына ири жана чакан ГЭСтерди куруу жолу менен жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү болжолдогон долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун мындан ары чыңдоо үчүн өлкөнүн гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий