• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев гидроэнергетикалык долбоорду дыкат ишке ашырууну талап кылды

Президент 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана алдыдагы келе жаткан жылытуу мезгилине даярдыктык көрүү чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөдөгү гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери дагы талкууланды. Тактап айтканда Президентке чехтердин «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Дүйшөнбек Зилалиев азыркы учурда биринчи кезекте аткарылчу иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады. Техникалык-экономикалык негиздемелерди жаңыртуу жана түзөтүүлөрдү киргизүү, аталган энергетикалык обьектилерди курулушун алдыга жылдыруу үчүн «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын инженерлер тобу кыргызстандык адистер менен бирдикте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун долбоору менен жеринде таанышып чыгышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик комитеттин төрагасынан мурда кол коюлган макулдашулардын шарттары талап кылгандай, мамлекеттин кызыкчылыктарынын артыкчылыктарын сактоо менен, өлкөбүз үчүн маанилүү гидроэнергетикалык долбоорду ишке ашырууга абдан дыкаттык менен даярдык көрүүнү камсыз кылууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий