• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев июнь окуяларынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекет башчысынын кайрылуусу төмөнкүдөй:

"Урматтуу мекендештер!

2010-жылы июнда Кыргызстан түштүгүндөгү окуялардан бери жети жыл өттү. Ал каргашада 442 жараныбыздан айрылдык, миңдеген мекендештерибиз майып болуп калды, ондогондору дайынсыз жоголду.

Бүгүн биз ошол күндөрү жакындарынан айрылган мекендештерибизге кайрылып, кайрат айтабыз! Жабыр тарткандарга жардам берген өлкөбүздүн бардык жерлериндеги жарандарыбызга, ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазылык жолдойбуз. Ошол оор күндөрү тилектештигин жана чыдамдуулугун көрсөтүп, башка чыгымдардын эсебинен түштүктө жабыр тарткандарга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттен кошумча миллиарддаган сомдорду бөлгөн акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Кыргыз Республикасы 2010-жылы июнда жабыр тарткандарга мурдагы Советтер Союзу 1990-жылдагы ушундай каргашадан кийин бергенге караганда алда канча көп жардам бергени жалпыга маалым.

Бүгүн ошол күндөрү кан төгүүлөрдү токтотуп, тынчтык менен туруктуулукту орнотуу Кыргызстанга канча кыйын болгонун, элдер, адамдар ортосундагы ишенимди кайтаруу үчүн кандай гана чечимдер, аракеттер көрүлгөнүн эске салгым келет. Андан бери Кыргыз Республикасы эл биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо боюнча өз концепциясын токтоосуз жүзөгө ашырып келатат. Мындай каргаша кайталанбас үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Ушундай күч-аракеттерибиздин артынан Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун жаңжалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча өзгөчө тажрыйбасы топтолууда. Эл ичинде ишеним, өз ара урмат мамилелер акырындан жакшырып баратат. Ар башка этнос өкүлдөрү эл аралык мелдештерде жана конкурстарда Кыргызстандын туусун сыймык менен көтөрүп чыгууда.

Этностук тегине карабастан, жаштар жана балдар арасында өз Мекени Кыргызстанга сүйүүсү ачык байкалып жатат. Күнүмдүк турмушунда кыргыз тилин колдонгондор көбөйдү, көп тилдүүлүк жарыша өсүүдө. Коңшу өлкөлөр менен чек ара такташуу иши улам илгерилей баштады.

Бүгүн абал такыр башка. Өлкөдө туруктуулук, эл биримдиги улам бекемделип баратат. Кыргыздар менен өзбектердин мамлекеттик мекемелерде, базарларда, окуу жайларда, коомдук транспортто өз ара ызаат мамилеси, жакшылык-жамандыкта катташа баштаганы буга далил. Өзбекстандын жаңы бийликтери коӊшулары менен достук мамилесин чыӊдоого жүз бурду, эки жактын өкмөттүк делегациялары бири-бирине катташа башташты, чек араларды тактап, чекит коюуга чын ыкластан киришип жатабыз.

Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстан калкынын мамлекеттин этностор аралык чатактарды алдын алуу жөндөмдүүлүгүнө ишеними өсүп жатат. Эгерде 2014-жылы калктын 30 проценти ишенсе, ишеним индекси 2015-жылы 82 процентке өскөн.

Урматтуу мекендештер!

Азыркы дүйнө жаңы коркунучтарга – терроризмге жана экстремизмге кабылды. Баардык континенттерде терракттар, расалык кастык, ксенофобия күч алды. Миллиарддаган акча да, аскердик кубат да бул коркунучтарды токтото албай жатат.

Тилекке каршы, Кыргызстанда да этнос аралык мамилелерге от жаккысы келген күчтөргө иштеген адамдар бар. Укук коргоочу, эксперт жана журналисттин атына жамынып алышып, июнь каргашасынын жылдыгы алдында абалды курчуткандан кайра тартпай турушат.

Ошондуктан, азыр Тынчтыкты жана эл биримдигин сактап калуу негизги максатыбыз болууга тийиш. “Ырыс алды – ынтымак”. Тынчтык менен Ынтымакты көзүбүздүн карегиндей сактайлы. Өлкөдөгү тынчтык менен биримдик ар бир шаардан, айылдан, көчөдөн, үйдөн башталат! Бардык жарандарыбыз тилектеш жана максатташ бир бүтүн элди түзгөндө гана бакубат Кыргызстанды кура алабыз.

Өлкөдөгү бардык этносторду бириктирүүчү күч болгон, мамлекетке ат берген улуттун тарыхын, маданиятын, тилин Кыргызстанды мекендеген бардык этнос өкүлдөрү билүүгө жана урматтоого тийиш. Этностук тегине жана диний ишенимине карабай, ар бир кыргыз жараны эл-жерибиздин оорчулугун бирдей көтөрүүгө, жакшылыгын бирдей көрүүгө тийиш.

Сабырдуулук, кечиримдүүлүк – дүйнөнү, тынчтыкты сактап турган улуу касиет! Ошондуктан, бүгүн мен ар бир кыргызстандыкка кайрылгым келет:

Кекчил болбой, кечиримдүү бололу!

Аксым болбой, айкөл бололу!

Жамандыкты ойлобой, амандыкты ойлойлу!

Биз эли эркин жана ынтымактуу, жери гүлдөгөн, телегейи тегиз Кыргызстанды курабыз!

Пикир

Оставить комментарий