• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев күч менен кармалышы мүмкүнбү? - ИИМдин расмий жообу

Коом 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди күч колдонуу менен кармоо тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына 2019-жылдын 19-июль күнү Атамбаев сурак берүүгө чакырылган, бирок аны күч менен кармап келүү тууралуу сөз болгон эмес.

Буга чейин Атамбаевдин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасында Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо тууралуу буйрук берилгендиги жана ага 1,5 миң укук-коргоо органдарынын кызматкерлери тартылгандыгы тууралуу жазып чыккан.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө атчан адамдар жана 800дөн ашуун анын тарапташтары келип, мурунку мамлекет башчыны баардык күч-аракет менен коргошоору тууралуу маалымат тароодо.

Эскерте кетсек, кечээ Алмазбек Атамбаев үчүнчү ирет ИИМге суракка чакырылган.

Мурдараак Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий