• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев кафель жасап чыгаруу боюнча заводдун ишмердиги менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 14.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан кафель жасап чыгаруу боюнча заводдо болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 млн. чарчы метр кафель чыгарууга жөндөмдүү болгон заводдун ишмердиги менен таанышып, даяр продукциялардын үлгүлөрү менен таанышып чыкты.

Заводдун башкы директору Чжо Дайсю Мамлекет башчысына өндүрүш процессинин өзгөчөлүгү туурасында маалымат берди. Анын айтымында келечекте заводдо 400 жумушчу орун түзүлөт, анын 90% Кыргызстан жарандары болот.

Завод өз ишин ушул жылдын сентябрь айында баштаган. План боюнча жумшалчу инвестициянын көлөмү 50 млн. АКШ доллары, иш жүзүндө заводдун курулушуна 30 млн АКШ доллары сарпталган. Учурда ишканада бир өндүрүштүк линия иштеп жатат. Экинчи линия 2018-жылы ишке киргизилет.

Президент Алмазбек Атамбаев заводдун ишмердигине ийгилик каалап, белгиленген пландарды ишке ашырууда жана өндүрүштү кеңейтүүдө мамлекеттик органдар көмөктөшүүсү маанилүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий