• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Атамбаев калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жогорулатууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 29.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-сентябрда, өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана түрдүү оорулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелеринин курулуш жана ремонт иштерин, анын ичинде Улуттук перинаталдык борбордун жаңы корпусунун курулушунун жана Улуттук онкология жана гематология борборунун ремонттук-курулуш иштеринин жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгилеп, ал аракеттер биринчи кезекте дарыгерлерди даярдоонун сапатын жакшыртууга жана калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталууга тийиш экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий