• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Президент 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн көп батирлүү үч турак үйдүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун кызматкерлерин жаңы конушу жана кесиптик майрамы менен куттуктады. “ Мен үчүн дагы бүгүнкү күн өзгөчө күн, майрам күн, силерге окшоп. – деди Алмазбек Атамбаев. - Акыркы алты жылдын ичинде мамлекетибиз абдан өзгөрдү. Ошол кезде 20-30-жылдан бери үйү жок жүргөн аскер адамдарына, ӨКМ, УКМК кызматкерлерине мамлекет үй курат деп ким ойлойт эле. Акыркы үч жылдын ичинде жаңы үйдүн ачкычтарын тапшыруу жакшы салтка айланып калды. Биздин карапайым кыргыз элибизге рахмат, бардыгына чыдаган, сабырдуулук кылган, ишенип Президентти колдоп берген сиздерге ырахмат”.

Мамлекет башчысы Кыргызстан эли алдыдагы Президенттик шайлоолордо ушул жолдон тайбаган, башталган иштерди уланта турган адамды тандап алаарына ишенимин билдирди. “Өткөн жылдын декабрында биз Конституцияны бекер өзгөрткөн эмеспиз. Эми жеке бир адам өлкөнү артка бура албайт, өзү жеке чечим чыгара албайт”, -деди Алмазбек Атамбаев. Бирок анын сөзү боюнча калк арасында элди бөлүп, баш-аламандык чыгарганга умтулган бузуку саясатчылар али бар. “Андайларга алданбагыла”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча кыргыздар – нечен кылымдар бою тилин жана маданиятын сактап, кезинде Сибирде Борбордук Азияга жана Каспийге чейин созулган кубаттуу империя түзгөн өзгөчө эл. “Биз ата бабалардын жолун жолдоп, ынтымактуу болушубуз керек. Кыргызстан ичинде кандай иш болсо дагы биз, кыргыздар жооптуу болушубуз керек. Тарых бизге күчтүү, гүлдөгөн мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат. Ошондуктан ынтымактуу, бир эл, бир журт бололу. Менин максатым - таза шайлоо өткөрүү. Бирок добушуңарды сатпагыла, келечекти, намысты сатпагыла”,- деди Мамлекет башчысы.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев акыркы кезде климат өзгөрүп, өлкөдө жаратылыш кырсыктарынын саны көбөйүп баратканын белгилеп, турак жайды камсыздандырууга чакырып кетти. “Эки жыл мурда турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын шарттары боюнча айына 50 сом төлөп, кокус табыгый кырсыктан улам турак жай урап калса, үйдүн курулушуна жарым-бир миллион сом алууга болот. Айрымдар ошол шарттарды да сактабай жатканы – жакшы эмес. Өз келечегибизди ойлошубуз керек. Кудай сактанганды сактайт”, -деди Президент

Мамлекет башчысы цивилизациялуу өлкөлөрдө жаратылыштын эң бүлүндүргүч кырсыктарынан дагы коркушпастыгын белгиледи, анткени турак жайды камсыздандыруу системасы иштеп, бардыгын тез эле калыбына келтире алышат. Президент алты жылдын аралыгында мамлекет адамдарга жардам берүү, жарандарга камкордук көрүү менен алектенип келди, бирок азыр өлкө өзүн өзү багышы керек, ал эми адамдар мамлекет тууралуу камкордук көрчү мезгил келди, анткени күчтүү мамлекет болбосо өлкөнүн жаркын келечеги болбостугун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн, ошондой эле Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу ведомствонун 7 кызматкерин Президенттик саат менен сыйлады.

Президент Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жаңы үйлөрдүн алдына балдар үчүн аянтчаларды курууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий