• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев консерваланган жашылча жана жемиш өндүрүүчү заводдо болду

Президент 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-сентябрда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында жайгашкан консерваланган жашылча жана жемиш өндүрүүчү заводдо болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ишканага 5,5 млн АКШ долларлык инвестиция салынган, анын 3,9 миллион долларын Кыргыз-россия өнүктүрүү фонду каржылаган.

Мамлекет башчысы заводдун технологиялык процесси, өндүрүштөн чыгарылган продукция менен таанышып чыкты. Завод суткасына 30 тонна продукция иштетүүгө жөндөмдүү. Ишкананын өндүрүштүк комплекси лаборатория, бир мезгилде 3000 тонна азык сактачу муздаткыч жайлар, даяр продукцияны сактачу складдар менен жабдылган.

Ишкананын жетекчиси Шайлоогүл Майлиева Президентке өндүрүштүк комплекстин процесстеринин этаптары туурасында айтып берди. Анын айтымында азыктын жана даяр продукциянын ар бир партиясы заводдун лабораториясында физико-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча анализден, микробиологиялык жана органолептикалык изилдөөдөн өткөрүлөт. Ишкананын жаңы технологияны пайдаланып, жогорку түшүм алууга мүмкүнчүлүк берген заманбап айыл чарба техникасы дагы бар.

Президент Алмазбек Атамбаев жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү эң негизги тармактардын бирин өнүктүрүп жаткандыгы үчүн заводдун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында өлкөнүн ишкерлери менен фермерлери арзан финансылык ресурстарга жетиши жана ушул өңдүү долбоорлорду ишке ашырышы экономиканы өнүктүрүүгө, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык бирликтин жана Европа союзунун өлкөлөрүнүн рынокторуна кыргыз товарларын чыгарууга байланыштуу болгон колдогу мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Президент Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду мындан ары дагы ушул сыяктуу, айрыкча агроөнөр жай комплексиндеги жана кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду каржылоосу зарыл экендигин баса белгиледи.

Иш чарага Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Кудайбергенов жана Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Кубанычбек Кулматов дагы катышышты.

Маалымдама: Бул долбоорду ишке ашыруу менен 65 жумушчу орун түзүлөт, өлкөнүн айыл чарбасын жана региондорун өнүктүрүүгө жол ачылат. Ишкана фермерлерден жашыл-жемиштин 7 түрүн сатып алат. Ишкананын эсеби боюнча 2017-жылы 154 фермердин үй-бүлөсү, ал эми 2020-жылы 437 үй-бүлө туруктуу киреше ала баштайт. Завод ХАССП эл аралык стандарты боюнча курулуп жатат, бул жагдай продукцияны тышкы рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

ХАССП – тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн бардык этаптарында, өндүрүштүк процесстин бардык жеринде, сактоодо жана реализациялоодо контролду камсыз кылуучу эл аралык система. Бул система негизинен тамак-аш продукцияларын өндүргөн ишканаларда колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий