• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев: Коркпогула, мен премьер-министр же президент болууну каалабайм

Коом 0

Бишкек, 15.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын президенти өкмөт башчылык же президенттик кызматын ээлөөгө ниеттенбейт. Бул тууралуу ал журналисттер менен болгон жолугушуда билдирди.

Анын айтуусу боюнча, чыгармачылык жана саясат – бири-бирине туура келбеген нерселер. Жана ал кандайдыр бир кызматты ээлөөнү көздөбөйт.

“Коркпогула, мен премьер-министр же президент болууну каалабайм. Мен акыркы 30 жылда саясат менен алек болдум, анда поэзия, проза, ал тургай, ырларды жазууда тоскоолдук болгон жок”,-деди ал.

Анын айтуусу боюнча, эгерде сен чынчыл адам болуп, саясат менен алентенбесең, аны менен бирге өз сөзүңдү жана тандооңдү айта албасаң, анда, саясат сени менен алектенет.

“Ал көбүнчөсү кир саясат”,-деди мамлекет башчысы .

Пикир

Оставить комментарий