• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев «КР Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент 0

БИШКЕК, 22.08. 17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин отставкасы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий