• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев КР прокуратура органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Алмазбек Усенов бүгүн, 22-ноябрда, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш чарага катышып, Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктоосун окуп, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге президенттик энчилүү сааттарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунун тексти төмөнкүдөй:

“Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүз калыптанган татаал мезгилде бул маанилүү мамлекеттик институт мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактап, коомдун укуктук түзүлүшүн коргоп жатат. Башкы көзөмөлдөөчү орган жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди максаттуу жүргүзүүдө.

Кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы тынымсыз күрөш коомдо жаңы маанайды – мыйзамдын күчүнө жана адилеттикке болгон ишенимди жаратты. Мыйзамды бузуп, мамлекеттин түзүлүшүнө зыян келтирген кызмат адамдарына карата прокуратуранын иштиктүү чара көрүүсү көңүл бурууга арзыйт. Эл түшүнүп калды – бул маселеде артыкчылыгы барлар жок жана мыйзам алдында бардыгы бирдей. Мыйзамды бузган адам ээлеген кызматына карабай, тиешелүү жаза алышы керек.

Азыркы мезгилде прокуратуранын ролу кыйла күчөдү, көзөмөл функциялары кеңейтилди, анын ичинде кылмыштуулук жөнүндө статистиканы түзүү функциясы өткөрүп берилди. Бирок мен укук коргоо органдарындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугуна, кылмыштуулуктун абалына, анын келип чыгуусуна сапаттуу талдоо жүргүзүү жана ага каршы күрөшүүнүн иштиктүү методикасын иштеп чыгуу зарыл экендигине Сиздердин көңүлүңүздөрдү бурам.

Прокурордук көзөмөлдүн каражаттарын жана методдорун колдонуу менен бүгүнкү күндө жеке ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктары ишенимдүү корголууда, ошол эле учурда бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылууда.

Өлкөдө өткөрүлүп жаткан укук коргоо системасын реформалоо прокурордук кызматкерлердин беделин көтөрөт. Таза жана кесипкөй иш менен башкаларга үлгү болосуздар деп терең ишенем. Мыйзамдуулукту бузууга каршы системалуу жана принциптүү күрөш жүргүзүүгө тийишсиздер. Биз тандаган жол – адилеттиктин, тазалануунун жана өнүгүүнүн жолу. Ошондуктан прокуратура бардык укук коргоо системасынын шайкеш жана таза иштөөсүн камсыз кылган мамлекеттик орган болушу керек.

Урматтуу прокурорлор жана прокуратура органдарынын ардагерлери Сиздерге чың ден-соолук, бакты-таалай каалайм. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!”

Пикир

Оставить комментарий