• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Атамбаев: КСДП съездине Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов чакырылган жок

Саясат 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын съездине эки гана депутат чакырылган жок Асылбек Жээнбеков жарна Искендер Матраимов чакырылган эмес. Бул тууралуу КСДПнын съездинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында саясий биримдиктин лидери, өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, мунун өз себептери бар.

“КСДПнын катарын тазалоо тууралуу айтсам, ал дароо эле баштала койбойт. Мен эмне кандай иштеп жатканын карап чыгышым керек. Бул чоң иш. Кийинки шайлоо үчүн эки жыл бар”, - деп мурдагы президент буга чейин КСДПнын катары тазаланарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн КСДПнын XVII съезди өттү. Күн тартибинде делегаттар партиянын ишмердигинин отчетун жана партия лидерин дайындоо маселелерин карашты. Съезддин жыйынтыгы боюнча Атамбаев КСДПнын лидери катары дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий