• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысын кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-ноябрда, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана техникалык жактан камсыздоону жакшыртууга жана аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоого багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу туурасында маалымат берилди.

Райимберди Дуйшенбиев ошондой эле чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү жана аскердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында дагы маалымат берди. Тактап айтканда ал Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу аяктагандыгын, Баткен облусунда “Миң булак” чек ара заставасын ачууга даярдык туурасында айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий