• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев: Кыргыз элинин тарыхынын ажырагыс бөлүгү Алтай аймагында өткөн

Президент 0

Бишкек, 20-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Биз,кыргыздар үчүн эл аралык “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер Форумун” өткөрүү абдан маанилүү. Себеби, Алтай – бул кыргыз элинин тарыхынын ажырагыс бөлүгү өткөн аймак”, - деп билдирди бүгүн эл аралык форумдун ачылышында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

Анын айтымында, кыргыз жеринде эл аралык Форумду өткөрүүгө даярдык бир нече жыл жүргөн. Мамлекет башчысы, бүгүн “Энесай” кабыл алуу Үйүндө окумуштуулар – антропологдор, этнологдор, археологдор жана лингвисттер, фольклор изилдөөчүлөр жана 12 өлкөнүн коомчулугунун өкүлдөрү катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи. “Ар бир кыргыз үчүн “Алтай”, “Ала-Тоо”, “Манас”, “Эне-Сай” сөздөрү ыйык болуп саналат. Кыргыздар ушул кезге чейин Эне-Сайдан жана Монголиянын түндүк-батышынан Теңир-Тоого чейинки, Фергана жана Памирде, Ала-Тоо тоолорунда жашашат”,-деди Атамбаев.

Президент "кыргыз” этноними бүтүндөй аймакта гидронимдердин жана топонимдердин аталышында сакталып калганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий