• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев болду

Кадр саясаты 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин берген арызына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 жана 20-беренелерине, 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Жээнбеков Сооронбай Шарипович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин – Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевичке жүктөлсүн.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий