• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев Кыргызстан элдеринин биримдигин чыңдоону улантууну тапшырды

Президент 0


Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашыруунун жыйынтыктары туурасында маалымат берилди.

Бахтияр Салиев Концепцияны ишке ашыруунун алкагындагы иштер этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү, Кыргызстан элдеринин маданий жана этникалык көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталгандыгын маалымдады.

“Ушул принциптер 2018-2040-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында сакталып жана улантылат”, -деди Бахтияр Салиев.

Ошондой эле, Мамлекеттик агенттикте мониторинг борбору иштегендигин, анда өлкөнүн бардык региондорунда жайгашкан 20 коомдук кабыл алуу бөлүмдөрүнөн келип түшкөн маалыматтардын негизинде этностор аралык кырдаал талдоого алынаарын белгиледи. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, конфликттердин алдын алуу боюнча 4 миңден ашуун иш чаралар өткөрүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук биримдикти чыңдоо, коомду консолидациялоо боюнча иштерди улантуу керек экендигин баса белгиледи.

“Кыргызстан элдеринин биримдиги өлкөнүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат”, -деди Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий