• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев: Кыргызстан региондо жашаганга коопсуз жана эң ыңгайлуу өлкөгө айланууга тийиш

Президент 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына «Таза коом. Жаңы доор» 2018-2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору талкуулана турган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынына карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдардагы жакшы жетишкендиктер Кыргызстандын алдына жер-жерлерде санариптик технологияларды киргизүүнүн жана өздөштүрүүнүн, стратегиялык пландаштырууга программалык ыкма колдонуунун, ошондой эле өлкөбүз салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болгон экономикабыздын тармактарында прогрессивдүү адистешүүнүн аркасы менен аткаруу мүмкүн болгон экономиканы өнүктүрүү боюнча амбициялуу милдеттерди коюп жаткандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы 2040-жылдары Кыргызстан региондо жашаганга коопсуз жана эң ыңгайлуу өлкөгө айланууга тийиш, стратегиялык өнүктүрүүнүн башкы максаты адам болгондуктан, биз кайталангыс маданиятыбыз бар өлкө болууга тийиш экендигибизди баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий