• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев: Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүдө көп нерсе өзгөрдү

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Коррупцияны дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок кылууга болбойт”,- деди бүгүн өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев.

Ал башта адамдар мамлекеттин эсебинен байып жатканына сыймыктанып келишкенин айтты.

Атамбаев учурда коомдук аң-сезим өзгөрдү деди.

“Биз адамдарды ойготтук. Учурда алар акты ак, караны кара деп аташат. Бишкектин прокурору кол чатырды өзү кармабагандыгы үчүн кызматынан алынган. Ал эми кимдир бирөө бир нерсе алганы тууралуу чыгып калса, көптөр уяткарат. Мен үчүн ал тууган же президенттин аппарат жетекчиси экени маанилүү эмес”, - деди Кыргызстандын башчысы.

Атамбаев байыганды каалагандарга мамлекеттик кызматка келбестен, бизнес менен алектенүүнү кеңеш кылды.

Пикир

Оставить комментарий