• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун өтүшүнө каршы

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Мен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшүнө каршымын, мен бардыгы өз убагында болгонун каалайт элем”, - деп билдирди бүгүн мамлекет башчысы катары жыйынтыктоочу маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

“Мен, албетте, парламентти сындайм, себеби алты жыл бою өнүгүүгө парламент тарабынан катуу тоскоолдуктар болду. Мисалга алсак, темир жол курулушу маселеси. Насыя алып, курууга болот эле. Ал эми парламентте насыя алып, жол курууга каршы депутаттар бар. Анда кандайдыр бир сабатсыз алысты көрө албагандар адамдар чогулган. Үч тегирменчи отурушат, а биз алардын айынан бюджетке млрд сомдорду албай калышыбыз мүмкүн”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө каршы экенин белгиледи. “Мен бардыгы өз убагында болгонун каалайт элем. Бирок, келечекте парламентти 4 жылга, ал эми президентти 5 жылга шайлоо керек көрүнөт. Анткени эл чарчоодо”,- деди ал.

Атамбаев өзүнүн президенттигинен кийин өлкөнүн кадрдык саясатына кийлигишпестигине ишендирди. Бирок, өлкөгө анын байланыштары керек болоруна ишенет.

“Көптөгөн президенттер менен жеке, достук мамилелерим бар. Менин байланыштарым өлкөгө керек болоруна ишенем. Кызматтан кеткен соң чет жакка чыгып эс алууна ниеттенүүдөмүн. Мага КСДПнын съездин 1-декабрда өткөрүүнү сунушташты. Мен кийинчерээк дедим”, - деп айтты президент.

Ошондой эле ал КСДПда биринчи номерде болорун, себеби эл ага муктаж экенин белгиледи. Ошондой эле ал КСДПнын курамын кайра карап чыгуу ниетинде.

Пикир

Оставить комментарий