• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев Кыргызстандын элинен кечирим сурады

Президент 0

Бишкек, 24.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 6 жыл аралыгында айрым иштерди жүзөгө ашыра албай калганы үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу ал Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанатынын жүрүшүндө билдирди.

Ал билдиргендей, жаңы президент өз ишине киришти жана анын президент катары иши аягына чыкты. Ал Кыргызстан элине, тарапташтарына, жубайына жана балдарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Атамбаев ошондой эле өлкөгө жардам көрсөткөн эл аралык уюмдарды жана донорлорду баса белгиледи.

“Кыргызстан ушул убакыт бою оор сыноолорду баштан өткөрдү. Бирок бул сыноолор бизди курчутту. Биз биримдикте жана күчтүүрөөк болдук. Акыркы 6 жыл аралыгында Кыргызстан тарыхтагы эң оор жолду басып өттүк. Биз бүгүнкү күндө өлкө чындыгында эле көз карандысыз болду деп айта алабыз”,-деди ал.

“Ойлонгон иштердин баарын кылганга жетишпей калды. Мага акыркы жылдары гана жакшылап иштегенге мүмкүнчүлүк беришти. Эгерде мен сиздердин ишенимиңиздерди актай албаган болсо, кечирим сурайм. Бирок мен кыргызстандыктардын жашоосун жеңил жана жакшы кылууга аракет кылдым”,-деп кошумчалады ал.

Атамбаев Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан өнүгүү жолунда тандаган жолду улап кетет деп ишеним арты.

“Сооронбай Жээнбеков чынчыл жана калыс иштейт деп ишенем. Мен ар дайым элибиздин акылмандыгына ишенчүмүн, буга өткөн шайлоодо ынандым”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий