• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев: Кыргызстандын мектептеринде англис тили күндө окутула баштайт

Президент 0

Москва, 22-июнь /Мехриниса Сулайанова – Кабар/. Ушул жылдын сентябрынан тартып Кыргызстандагы мектептерде англис тилин күн сайын окутуу киргизилет. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев Россияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында мекендештер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга биринчиден мамлекеттик тилди сактап калуу маанилүү.

“Кыргыз тили Алтай цивилизациясынан бери сакталып келаткан, байыркы тилдердин бири. Бизди түрк тилдүүлөргө кошушат, бирок ал жакта 80 же 90% пайызы араб жана персия тилинен турат. А бул биздин улуттук баалуулугубуз. Биринчиден ар бир бала эне тилин биле тургандай кылыш керек”,- деди Атамбаев.

Ал эми англис тилин киргизүү жана ага статус берүү боюнча маселеде, президент өлкөдө орус тилин сактап калуу манилүү деп эсептейт. Себеби жарандардын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөйт. Өлкө башчысы англис тили киргизилген Монголияны мисал кылып, ал жакта 25 жылдан бери орус тилин же англис тилин толук билишпестигин белгиледи.

“Быйылкы күздөн баштап акырындык менен мектептерде англис тилин күндө окутуу тартибин киргизүүнү пландап жатабыз. Биз үч тилди активдүү өнүктүрөлү деп жатабыз. Бирок биринчиден биз кыргыз тилин, андан соң орус тилин, англис тилин үйрөнүшүбүз керек. Негизи эки тилди билсең үчүнчүсү өзү келет. Мен өзүмөн улам билем. Себеби мен англис тилин интернеттеги пазл инглиш аркылуу үйрөнгөм, англисче сүйлөй алам”,- деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары президент өлкөдө кириллицаны сактап калуу керектигин белгиледи.

“Бизде латынга өтүү маселе көтөрүлгөндө, мен криллицадан баш тартпашыбыз керек деп эсептейм. Биздин өзүбүздүн жазуубуз болгон. Орус тилин сактап, монголдордой болбошубуз керек. Биз эки тилди билишибиз керек”,- деп кошумчалады өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий