• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев: Кыргызстандын жаңы президенти “Чык эшикке!” деп ар кимге айта алат

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, КРдин жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков бардыгы ойлоп жүргөндөй жумшак мүнөздүү эмес экендигин жана “Чык эшикке!” деп ар кимге айта ала тургандыгын билдирди.

ЖМК өкүлдөрү өз кезегинде коомчулук Сооронбай Жээнбековду жумшак мүнөз адам катары биле тургандыгын айтышып, бул боюнча Атамбаев кандай ойлой тургандыгына кызыгышты.

“Сооронбай Жээнбеков жумшак киши дегендер менен макул эмесмин. Мени аны көптөн бери билем. Анын ачуусу келгенде абдан катаал. Ал “Чык эшикке!” деп ар кимге айта алат”,-деди ал.

Эске сала кетсек, премьер-министр кызматы учурунда Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында жер титирөө болгон Чоң-Алай жана Кадамжай райондорундагы ооруканалардын курулушу боюнча берилген суроого жооп бере албай калган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басарын “Чык эшикке” деген сөздөр менен кууп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий