• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Атамбаев: Кыргызстанга кандай жол менен кетүү керектигин эч ким таңуулай албайт

Президент 0

Бишкек, 15.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанга кандай жол менен кетүүнү эч ким таңуулай албайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин жыйынында билдирди.

Атамбаев кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн жагдайга байланыштуу кечирим сурабай турганын белгиледи. “Мен эмне үчүн кечирим сурашым керек? Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылганым үчүнбү? Мен жалпы эл шайлаган президент катары билдиргим келет, кандай жол менен кетүү керектигин Кыргызстанга эч ким таңуулай албайт. Кечиримди Атамбаев эмес, өзүнүн саясатын бизге таңуулап, "өздөрүнө кызмат кылган адамды" президенттик кызматка отургузууну каалагандар сурашы керек”,- деп билдирди ал.

Анын айтымында, мындай соккулар жана жолдорду тосуудан өлкө күчтөнөт. “Биз өзүбүздүн алсыз жактарыбызды билип, аларды оңдойбуз. Бардык диктаторлор кетет, кээде өздөрү, кээде Жараткандын каалоосу менен. Биз коңшулар тынчтыкта жана ынтымакта жашап, бири-бирибизди сыйлашыбыз керек. Коңшуңдун үйүн өрттөп жатып, жалын сенин үйүңдү да капташы мүмкүн экенин эсиңден чыгарба. Мындай тосуулар алсыз жактарыңды билүүгө мүмкүнчүлүк. Энергетикалык блокададан кийин биз энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. Учурда дагы айыл чарба продукцияларын башка рынокторго алып чыгуунун жолдорун иштеп жатабыз”,- деп билдирди президент.

Мамлекет башчы премьер-министрге темир жолдун курулушуна көп убакыт кетерин айтып кайрылды. “Ал эми Ташкент-Ош-Кашкар сыяктуу унаа жолдорун азыртадан куруп баштоо керек. Ага болгону бир нече ондогон миллион сом жумшалат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Бүгүнкү күнү жүк жүктөлгөн унаалардын көйгөйү чечилбей турат. Аларды чек арада толук текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

2017-жылдын 25-октябрындагы Еревандагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстан жагдайды жөнгө сала турган Жол картасына кол койбой койгон. Казакстан менен чек арада унаалар азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында бул сүйлөшүүлөр менен байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий