• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев кырсыктын кесепетин жоюу ишин так жана шайма-шай жүргүзүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алып, Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун айылдарында жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү жана адамдарга жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында Өкмөттүн маалыматын укту. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чекке аймактарда мектептердин жана ооруканалардын курулуш иштеринин жүрүшү туурасында маалымат берилди. Биринчи вице-премьер-министр жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге жаңы үйлөрдү курууга бөлүнгөн участокторду өздөштүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында дагы айтып берди.

Тактап айтканда, бул участокторго электр энергиясын жеткирүү, жолдорду куруу, ичүүчү жана сугат суулары менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, социалдык обьектилер курула баштады.

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө жабыр тарткан аймактарда калыбына келтирүү жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө аяктоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин так жана шайма-шай жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле жаратылыш катаклизмдери жана обьективдүү кыйынчылыктар көп кайталанышынан улам турак жайларды калыбына келтирүүгө байланыштуу кесепеттери калк арасында масштабтуу түшүндүрүү иштерин мындан дагы активдүү жүргүзүп, турак жайды камсыздандыруу маселелерине басым жасоо зарыл экендигин ырастап жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий