• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев: “Liglass Trading” бир айдын ичинде “РусГидрого” болгон 37 млн доллар карызды төлөйт

Президент 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Эгер Чехиялык «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы россиялык тарапка 37 млн долларды төлөп берсе, анда аларга ишенсе болот. Төлөй албаса, башка инвесторлорду издеп баштайбыз. Бул тууралуу мамлекет башчысы журналисттерге берип жаткан маалымат жыйында билдирди.

Президенттин айтымында, ушуга окшогон долбоорлор пайда болгондон кийин “дароо айрым жактар Атамбаевди жамандап башташат”. “Шашпаш керек болчу, россиялык «РусГидро” менен болгон келишимди бузбаш керек болчу дегендер четтен чыгат”. Россиялык тарап менен келишимди бузганыбызды мен туура кадам деп эсептейм. Мен россиялык компания Жогорку Нарын ГЭСин жана Камбарата ГЭСин курбай турганына ишендим. Мамлекеттик Думада же парламентте кимдир бирөө жоопкерчилик алса, ал эч нерсени чечпейт. Биз бир гана Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлонушубуз керек. Бул долбоорлор ишке ашышы зарыл”,-деди президент.

Чехиялык инвесторлор боюнча Атамбаев, “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда “Смелик” компаниянын башчысы бул суроолордун баарына жообун берди,- деди.

“Ал силер эмнеден коркуп жатасыңар деген суроону берип жатат. Болгону айрым жолдоштор, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн тартып бул долбоордун ишке ашышын каалашпайт. Келишим жакшы түзүлдү. Ал Кыргызстан үчүн “РусГидро” менен болгон келишимге салыштырмалуу алда канча жемиштүү болот. Энергохолдингдин акционерлеринин жыйыны болгондон кийин, келишим боюнча чехтер карызды төлөөгө муктаж болушат”,-деди Атамбаев.

Мындан тышкары Атамбаев айрымдар долбоор ишке ашып кетет деп коркуп жатышканын белгиледи.

“Ушуга чейин Атамбаев баштаган долбоорлор Кудайга шүгүр бүтүп жатат. Бул долбоор ишке ашат. Аталган компания эч качан ГЭС куруп көрбөгөнүн айтып жатышат. Бирок Кыргызстан үчүн акчанын болгону маанилүү да. Эгер чехтер 37 млн долларды төлөсө, анда аларга ишенсе болот. Эгер төлөй албай калса, анда башка инвестор издеп баштайбыз”,-деп кошумчалады өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий