• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев өлкөнүн жаңы президентинин милдеттери тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Өлкөнүн башчы Алмазбек Атамбаев жаңы мамлекет башчынын Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагындагы милдеттери тууралуу айтып берди.

Өзүнүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынынын жүрүшүндө ал Конституция боюнча президент Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасын жана анын бардык орун басарларын алмаштыра аларын билдирди.

“Президент парламентке башкы прокурорду алмаштыруу өтүнүчүн жибере алат. Ал макулдук алышы керек. ИИМ тууралуу айтсак, бул премьер-министр менен парламентке тиешелүү маселе”, - деди ал.

Ошондой эле мамлекет башчы жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Жээнбековдун Украина элчиси болуп дайындалышы тууралуу коомчулуктун талкуусуна түшүндүрмө берди.

“Жээнбековдун агасы Кувейтте элчи катары дайындалганы жана ал мындан салафит жана саудит болуп кеткени тууралуу ушактар таралган. Мен эбак эле аны Украинага дайындоо тууралуу буйрук бергем. Эми тескерисинче сындап чыгышат. Украина менен иштөө керек. Биздин Казакстанда дагы эки жылдан бери элчибиз жок”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий