• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев өлкө президенти менен карама-каршылыктар тууралуу имишти четке какты

Саясат 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жакалаганы тууралуу ушактарды четке какты.

КСДПнын съездинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Атамбаев Жээнбеков анын досу жана өлкө президенти экенин айтты. “Аны сыйлоо керек”, - деди ал.

Алмазбек Атамбаев 7-апрелде он миңдеген кишилер менен митинг пландалып жатканы тууралуу имиштер тууралуу суроого да жооп берди.

“Эч кандай митинг болбойт. Бизде эки революция болду, эми жол бербеш керек. 7-апрелде биз курман болгондорду эскерип, куран окуйбуз. Биз чоң мечит курдук, ага баарын чакырабыз. Анын үстүнө 8-апрелде Кытайга учам. Мындай сөздөр кайдан чыгып жатат”, - деп собол салды экс-президент.

Пикир

Оставить комментарий