• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды

Президент 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда, маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы турак жайлар курулчу жерди кыдырып көрүп, долбоордун башкы планы менен таанышып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаев маданият чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушунун башталышы абдан маанилүү окуя экендигин айтып, мындай социалдык долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Капсуланы салып, Мамлекет башчысы көп батирлүү үйлөрдүн курулушун жүргүзүү боюнча бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий