• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Атамбаев Мамлекеттик думанын төрагасы В. Володин менен жолукту

Саясат 0


Бишкек, 28-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.

Алмазбек Атамбаев Россиядан келген ар бир конок менен жолугууга кубанычта болорун, себеби бул достук жолугушуулар экенин билдирди.

“Россиялыктардын Кыргызстанга сапарлары көп болуп тураарына кубанычтамын. Мен Москвада В. Путин менен болгон сүйлөшүүдө 6 жылдык президенттик кызматымда эң жетишкендигим катары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге көтөргөндүгүм экенин айткам. Бүгүнкү күнү бул бир туугандык жана достук мамиле. Бул эки стартегиялык жактан өнөктөш мамлекеттердин мамилеси. Бул эки киндиктеш өлкөлөрдүн мамилеси. Себеби бизге, кыргыздарга Россия – түпкү мекен, биз бир топ башка элдердей эле Алтайдан чыкканбыз, биз аны менен сыймыктанабыз. Мен бул мамилелерибиз мындан ары дагы бекемделет деп ишенем”,- деди Атамбаев.

Өз кезегинде Володин Жогорку Кеңештин төрагасы жана бир катар депутаттар менен жолугушуу болгонун айтты.

“Эки тараптуу биздин мамилелерди тез арада жакшыртуунун жыйынтыктарын көрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Сапарга комитеттердин башчылары менен кокусунан чыккан жокпуз. Кыргызстан менен Россиянын мамилесин жакшыртууга жасаган аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Биринчиден, Россия Кыргызстан парламентинин депутаттарынын биринчи максаты Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев кабыл алган чечимдерге мыйзам тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат”,-деди Володин.

Пикир

Оставить комментарий