• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев мамлекеттик сапар менен Россияда

Президент 0


Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 19-июнда мамлекеттик сапар менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аэропорттогу расмий жолугушуунун аземинде Ардактуу кароолдун ротасы тизилип турду, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду, эки өлкөнүн туулары илинди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Тарагасы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Ошондой эле Башкырстан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов менен Уфа шаарында жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен Казан шаарында жолугушат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин сапарынын алкагында Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт.

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий