• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Атамбаев мектептердин курулуштарын өз мөөнөтүндө аяктоону тапшырды

Коом 0


Бишкек, 7-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-августта, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына жалпы билим берүүчү уюмдардын жаңы 2017-2018-окуу жылына даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берилди. Тактап айтканда Гүлмира Кудайбердиева авариялык мектептердин ордуна жаңы мектептерди куруу боюнча Президенттин тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү боюнча маалымат берди. Министрдин маалыматы боюнча өлкөдөгү мектептердин абалын талдоонун жыйынтыгында капиталдык ремонтко же жаңы мектептин курулушуна муктаж болгон 122 мектеп 2017-2018-окуу жылындагы курулуштардын Планына киргизилген.

“Биринчи кезектеги обьектилерде, анын ичинде табигат кырсыктарынан жабыркаган райондордогу обьектилерде жаңы мектептердин курулуштары башталды”,-деди Гүлмира Кудайбердиева.

Мындан тышкары министр мектепке чейинки жана мектепте билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Атап айтканда 2017-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө жаңы 100 балдар бакчасы ачылат. Мектептерде 27 окуу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекттер сыноодон өткөрүлө баштайт, деп кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы окуу жылына карата бир катар тапшырмаларды берип, өлкөдө мектептердин курулуштарын өз мөөнөтүндө аяктоо зарыл экендигине, ал эми жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан райондордо – суук түшкөнгө чейин балдардын окуусу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигине өзгөчө көңүл бурду. Президент ошондой эле акыркы жылдары мамлекет өзгөчө көңүл буруп жаткан билим берүү чөйрөсүндөгү реформалар өлкөдө мындан ары дагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга зарыл шарттарды түзүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий