• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев: Мен Кыргызстандын келечегин Россиясыз элестете албайм

Саясат 0

Москва, 21-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Россия Кыргызстанга чыныгы каржылык жардам көрсөттү. Мындай пикирин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кремлдеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Россияга болгон бардык карыздарын кечүү боюнча токтомго кол коюлду.

“Бүгүн биз күн тартибин талкуулап жатканда, эки тарапта эч кандай түшүнбөстүктөр жок экенине күбө болдук. Бизде келечекке пландар жана перспективалар бар. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин, биздин товар алмашуубуз 23% пайызга өскөнүн көрүп турабыз. Эң негизгиси Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын жашоо шарты жеңилдеп калды. Өз учурунда биздин Евразиялык экономикалык биримдикке киришибизге абдан чоң тоскоолдуктар болгон. Бирок биз бул уюмга мүчө болгондон кийинки жыйынтык өзүн көпкө күттүргөн жок. Кыргызстан анын натыйжасын тез эле көрө баштады. Албетте алдыда жасай турган иштер көп, биз бул жерде дагы бир тууган Россиянын колдоосун көрүп турабыз”,-деди Атамбаев.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы эки өлкөнүн маданият тармагындагы сакталып калган бекем мамилесине кубанычта экендигин билдирди.

“Албетте бул мамилелерди дагы бекемдеш керек. Россиядагы Кыргызстандын күндөрүнүн ачылышы, Кремлдин чоң залындагы кыргыз таланттарынын концерттик программасы бул тармакты мындан ары өнүгүп бекемделишине чоң шарт түзөт”,- деп белгиледи президент.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев Башкортостан менен Татарстанга чоң ырахаттануу менен бараарын белгиледи.

“Менин жубайым этникалык россиялык, мындан улам ал абдан кубанычта болуп жатса керек. Биздин делегациянын курамында этникалык россиялык депутаттар бар. Биз муну жана Кыргызстандын көп тилдүүлүгүн сактап калууга жетиштик. 20-июлда Кыргызстанда масштабдуу эл аралык форум өтөт. Анда ондогон алтай цивилизациясындагы мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. Балким айрымдары унутуп калышкандыр, бирок алар, анын ичинде Кыргызстан дагы Алтайдан чыккан болуп эсептелет. Албетте биз үчүн Россия – түп мекенибиз болот. Мен бизди бир эле байыркы тарыхыбыз бириктирип турат дегенден алысмын. Албетте бизди келечек бириктирип турат. Мен кыргызстандын келечегин Россиясыз элестете албайм”,-деди өз сөзүндө мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий