• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев: Мен сиздерге шайлоолор таза өтөт деп убада берем

Президент 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда, Бишкек шаарынын №5-кесипчилик лицейинде жайгашкан №1209-шайлоо участкасында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Добуш бергенден кийин Мамлекет башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоолор таза жана ачык өтөөрүн баса белгиледи. “Менин милдетим - тартип орнотуу, шайлоолор жакшы маанайда өтүшүн жана добуш бергенден кийин дагы баш аламандыктар болбошун камсыз кылуу. Эгерде баш аламандыктар болсо, бул дагы жакшы, мен акырына чейин бардыгын тазалап койгум келет. Аларды ала кетейин. Мен жарандарга минтип айткым келет: эч нерседен коркпой шайлоого барып, добуш бергиле. Бардыгы жакшы болот. Биз өз жолубузду тандап алдык. Экинчи ирет таза шайлоо өткөрүп жатабыз, -деди ал. – Камайбыз, мындан ары дагы камай беребиз, анткени ар бир адам каалаганын жасаган мезгил өттү. Добуш бергенден кийин чыккыла деп чакырган адам эмне жасап жаткандыгын балким билбей жаткандыр. Баары болушу ыктымал. Мен алдын ала эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Мен 1-декабрга чейин Президентмин, адамдардын майрамын бузам дегендердин баарына сабак бергенге менин убактым жетет”.

“ Мен сиздерге шайлоолор таза өтөт деп убада берем. Баш аламандык уюштурам дегендерге түрмөдө орун жетиштүү, анын үстүнө алар жашынып калышты”, -деди Президент.

Мамлекет башчысы шайлоо күнү ал үчүн майрам экендигин белгиледи, себеби таза шайлоо өткөрүү үчүн канча жылдык өмүрүн жана канча нервин короткон.

“Мен региондордо жолугушууларды өткөрдүм. Элдин көбү шайлоодо мен баштаган жолумду улаган адамга гана добуш беребиз деп айтып жатышат. Менин жолум менен барган адам менин мураскерим болуп калат, -деди Алмазбек Атамбаев. – Мен элибиз бараткан жолдон бурганга эч кимге мүмкүнчүлүк бербейбиз дегим келет. Анткени биздин элибиз өзүнүн жолун табыш үчүн көп кыйынчылыктарды баштан кечирди. Кыргызстан эли талапкерлердин арасынан каалаганын Президент кылып шайлоого укуктуу”, -деди ал.

Мамлекет башчысы журналисттердин кыргыз-казак чек арасындагы азыркы кырдаалга байланыштуу суроолоруна дагы жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий