• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев менен Гуттереш басма сөзгө билдирүү жасашты

Президент 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен өлкөбүзгө жумушчу сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстанга жогорку мартабалуу меймандын келгендигине абдан ыраазы экендигин билдирди.

“Антониу Гутерреш мырза өлкөбүздүн чоң досу жана менин досум экендигин көрүп, сезип турам. Кыргызстанга күйгөн жана өз укугунун алкагында жардам көрсөтүүгө даяр турган чыныгы өнөктөш экендигин көрүп турабыз”,-деп Мамлекет башчысы БУУнун Баш катчысы бүгүн Ош шаарына бараарын кошумчалады.

“Акыркы жети жылдын аралыгында шаар кандай өзгөргөнүн, кандай кескин өзгөрүүлөр болгонун өз көзүңүз менен көрө аласыз. Гутерреш мырза бизге тез-тез каттап турушун каалар элем. Бирок ал проблемасы жок өлкөгө БУУнун Баш катчысы тез-тез каттагыдай зарылчылык жок деп жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Антониу Гутерреш БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссары катары Кыргызстанга жасаган жумушчу сапары туурасында абдан жылуу эскерээрин белгиледи.

“Кызматташкан мезгилдин аралыгында Кыргызстан жана өлкөнүн эли адам укуктарын, демократияны урматтаганына ынандым. Чындыгында эле бул кыргыз эли үчүн абдан маанилүү тандоо эле”, - деди Антониу Гутерреш.

Анын сөзү боюнча бул тандоо республикага демократиялуу коом курууда алдыңкы сапка чыгууга көмөктөштү.

“Билем, быйылкы жылы сиздер маанилүү шайлоо өткөрөсүздөр, Кыргызстан мындан ары дагы аймактагы демократиянын символу боюнча кала берет деп ишенем. Кыргызстан аймакты өнүктүрүүдө жана жалпы аймак алдыга - ийгиликтерди карай жылышы үчүн өлкөлөрдүн ортосунда интеграцияны өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнооруна ишеним билдирем.

БУУ Кыргызстандын Өкмөтүнө “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга да, туруктуу өнүгүүгө дагы мындан ары колдоо көрсөтөт. Биргелешип, климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюп жана Кыргызстандын ажайып мөңгүлөрүн сактап калууга эл аралык коомчулукту мобилизациялай алабыз деп ойлойбуз”,-деп баса белгиледи Антониу Гутерреш.

Басма сөз үчүн билдирүү жасап бүткөндөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий