• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Атамбаев менен Мирзиеев чек ара маселеси боюнча негизги документке кол коюшту

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кыргыз-өзбек чек ара боюнча келишимге кол коюшту. Ага ылайык чек аранын 85 пайызы келишилген.
“Биз, каалоо жана саясий эрк болсо макулдашуу мүмкүн экендигине ынандык”,-деди Алмазбек Атамбаев негизги документке кол коюу аземи бүткөндөн соң.
Анын айтымына караганда, бүгүн тарыхый окуя болду.
“Бул күндү эки өлкө элдери 25 жыл күтүшкөн. Мында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин салымы абдан чоң”,-деди Атамбаев.
Мамлекет башчысы белгилеп өткөндөй, бүгүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарап бардык маселе боюнча бир пикирге келишкен.
Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө, чечилбей турган маселе болбой тургандыгына бүгүн дагы бир жолу ынангандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий