• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атамбаев менен Мирзиеевдин биргелешкен билдирүүсү

Президент 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу боюнча 2017-жылдын 5-6-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салттуу өз ара түшүнүшүү жана ачык-айкындуулук шартында мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн жана жолугушууларынын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка жааттарда эки тараптуу мамилелерди андан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги, Борбордук Азиядагы кырдаал, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды жараткан актуалдуу региондук жана эл аралык маселелерди талкуулашты.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын алгылыктуу жана ургалдуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилеп,

эки тараптуу мамилелерге сапаттуу, жаңы деңгээлди берүү эки өлкөнүн элдеринин турмуштук маанилүү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерине, ошондой эле Борбордук Азия регионунда тынчтыкты, туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо маанилүү фактор катары кызмат кылаарына ишенээрин билдирип,

убакыт менен сыналган достуктун жана ынак коңшулуктун бекем байланышына, эки өлкөнүн элинин тарыхый жана маданий жалпылыгына негизденип,

мамлекеттик эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин жактоону тастыктап,

ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө, чек ара райондорунда жана диалог түзүүдө ишенич жараткан чараларды андан ары тереңдетүүгө умтулуусун билдирип,

1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып,

төмөнкүлөр жөнүндө билдиришти:

1. Кыргызстан менен Өзбекстан тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо жана бекемдөө, бүткүл региондун өнүгүүсүн жана гүлдөп өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өздөрүнүн жогорку жоопкерчилигин аңдап-түшүнүү менен салттуу достук жана ынак коңшулук мамилени андан ары да ар тараптан тереңдетүүнү чечишти.

Мамлекет башчылары, буга сапардын жүрүшүндө кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим өбөлгө болооруна ишенээрин билдиришти.

2. Мамлекет башчылары достуктун жана кызматташтыктын чек арасы боло турган - Мамлекеттик чек ара сызыгын укуктук тариздөөнү аяктоо боордош эки элдин түпкү кызыкчылыктарына жооп берээрин белгилешти.

Тараптар 2017-жылдын 16-августундагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын Биргелешкен жыйынынын протоколуна ылайык кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара линиясынын макулдашылган узундугу боюнча келишимге кол коюшту. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган бөлүгү боюнча жумуш улантылат.

Эки өлкөнүн президенттери чек ара районунда ишенимди чыңдоого өзгөчө маани берип, аталган Келишим күчүнө киргенден кийин кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара районунда ишеничти бекемдөө боюнча Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Макулдашууну даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

3. Тараптар Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун көпчүлүк актуалдуу маселелери боюнча позициялардын туура келээрин тастыкташты. Борбордук Азиядагы ички региондук маселелердин бүткүл комплексин чечүү тең укуктуулук, өз ара пайда көрүү, урматтоо жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде ачык жана конструктивдүү диалог жолу менен региондордун мамлекеттери тарабынан гана ишке ашырылууга тийиш жана мүмкүн экендигин белгилешти.

Президенттер эл аралык иштерде ар кандай карама-каршылыктарды жана кайчы пикирлерди Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставында бекитилген эл аралык укуктун жана принциптердин жалпы таанылган ченемдерин кыйшаюсуз сактоо менен саясий жол аркылуу гана, сүйлөшүүлөр жана башка тынчтык каражаттар менен чечүү пикиринде болушту.

4. Бардык чөйрөлөрдө көп пландуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү жана чыңдоону улантууга өз ара кызыкчылыктардан улам, Тараптар азыркы колдонуудагы эки тараптуу макулдашууларды жана жетишилген келишимдерди, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны андан ары өркүндөтүүнү натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

5. Мамлекет башчылары эки тараптуу сооданын көлөмүнүн өсүү динамикасын белгилеп, товар жүгүртүүнү көп эсе жогорулатуу үчүн кыйла пайдаланылбаган потенциалдын бардыгына токтолушту.

Тараптар эки өлкөнүн тийишүү мамлекеттик органдарына өз ара соода көлөмүн андан ары өстүрүү жана жогорку кошумчаланган наркы менен өндүрүмдөрдү товар жүгүртүүгө тартуу жолу менен анын номенклатурасын кеңейтүү, транзиттик тышкы соода жүктөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эки өлкөнүн ишкердик субъекттери жана региондорунун ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин токтоосуз иштеп чыгууга тапшырма берди.

6. Эки мамлекеттин башчылары 2017-жылдын 15-16-августунда Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын Биргелешкен отурумунун жыйынтыктарына оң баа беришти жана соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик жана инвестициялык кызматташуусунун, ошондой эле бул тармактагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча маселелеринин бүткүл комплексин чечүүнүн натыйжалуу механизми катары анын ролун андан ары жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

7. Мамлекет башчылары иш сапарлар менен алмашуу, биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү жана достук топторунун ишин активдештирүү жолу менен парламенттер аралык кызматташууну колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

8. Эки өлкөнүн президенттери эки тараптуу келишимдер алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн шарттарды түзүү максатында жарандардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын эркин жүрүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

9. Мамлекет башчылары транспорттук каттам, транзит эркиндигин камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну күчөтүүгө даярдыгын, ошондой эле эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралын куруу долбоорун тезинен ишке ашырууга өз ара кызыкчылыктардын бардыгы айтылды, ал албетте, региондук ички товар жүгүртүүнүн өсүшүн жана "Чыгыш-Батыш" маршруту боюнча пайдалуу транзиттик звено катары Борбордук Азиянын жагымдуулук шартына өбөлгө түзөт.

Ири региондун мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды олуттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзө турган жана алардын экономикалык өнүгүшүнө кошумча түрткү бере турган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" жаңы автомобиль коридорун түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

10. Тараптар, Кыргызстандын жана Өзбекстандын элдеринин ортосундагы кылымдардан бери келаткан достук, ынак коңшулук, бир туугандык байланышты жана кызматташтыкты сактоо жана чыңдоо үчүн өзүнүн тарыхый жоопкерчилигин сезип, маданият, билим берүү, илим, искусство, туризм, спорт жаатындагы жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу байланыштарды андан ары көп пландуу тереңдетүүнү жана чыңдоону жактаарын тастыкташты.

Тараптар, 2017-2018-жылдарда Кыргыз Республикасында Өзбекстан Республикасынын Маданият күндөрүн, Өзбекстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү ниетин билдиришти.

Өзбек тарап куруп жаткан Ош ш. жалпы билим берүү мектеби маданий-гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын элдеринин достугунун дагы бир символу болуп калаары белгиленди.

Мамлекет башчылары туризмди өнүктүрүүгө жана адам байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө болуучу, "Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент" авиарейсинин ачылышын канааттануу менен белгилешти.

Мамлекет башчылары саламаттык сактоо жаатындагы кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн ойлорун билдиришти. Калктын саламаттыгын сактоо жана жакшыртуу, жугуштуу ооруларга, анын ичинде табигый-очоктуу жана башка коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы аракеттенүү, медициналык илимди өнүктүрүү, медициналык жана фармацевтикалык профилдеги кадрларды даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгын белгилешти.

11. Эки өлкөнүн президенттери эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, бардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүнү мындан ары да ар тараптан шарттоого өз ара кызыкчылыктарын билдирүү менен чек ара региондорунун ортосундагы байланыштардын болуп көрбөгөндөй жанданышын терең канааттануу менен белгилешти.

Бул бийик максат менен "2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара региондорунун ортосунда кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча иш-чаралардын планын" ишке ашырууга өбөлгө түзүлөт.

12. Тараптар эки мамлекеттин аймагында жашаган кыргыз жана өзбек диаспоралары үчүн эне тилин, улуттук маданиятты, каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо жана өнүктүрүү иштеринде мындан ары да ыңгайлуу шарттарды түзөт, мамлекеттин биринин аймагында жүргөн экинчи мамлекеттин жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды кабыл алат.

13. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучусу болуп саналган эки тараптуу жана эл аралык келишимдердин негизинде терроризмге, диний экстремизмге, баңги заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүүгө, массалык жок кылуучу куралдарды таратууга жана региондук жана эл аралык коопсуздуктун башка чакырыктарына жана коркунучтарына каршы күрөшүүдө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү жана жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

Бул максатта Кыргызстан менен Өзбекстандын тийиштүү түзүмдөрүнүн консультацияларын өткөрүү жолу менен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөт.

14. Тараптар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Трансчек аралык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан коркунучтардан калкты жана аймакты коргоо боюнча айкын практикалык иш чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, ошондой эле уран калдыктарын сактоочу жайларда жана Борбордук Азияда радиациялык коопсуздук көйгөйлөрүн чечүүдө кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдиришти.

15. Президенттер Борбордук Азияда бейпилдиктин негизги факторлорунун бири болуп бул региондун бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын тегиз эске алуу менен суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу болуп саналаарын белгилешти. Ачык диалогдун, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнүн жана конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, өз ара акылга сыярлык компромисстердин негизинде бул чөйрөдө өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Мамлекет башчылары 2017-жылы Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына электр энергиясын экспорттоонун кайра жандануусун өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү негизде мындай кызматташууну өнүктүрүүдө эки өлкөнүн кызыкчылыгын канааттануу менен белгилешти.

16. Тараптар эл аралык аренада эки тараптуу өз ара аракетти улантуунун жана бекемдөөнүн олуттуу потенциалынын бардыгын белгилешти жана БУУнун, Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ), Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), ошондой эле башка эл аралык уюмдардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө өз ара аракеттенээрин билдиришти.

Мамлекет башчылары Борбордук Азияга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында, БУУдагы координациялоону, өз ара колдоону жана биргелешкен күч-аракеттерди жогорулатуунун жана региондун мамлекеттеринин кызыкчылыктарын илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ушуга байланыштуу, өзбек тарап 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин көрсөтүүнү колдоду.

Тараптар КМШ алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо жана аны өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө таасирдүү аянтка айландыруу максатында, Шериктештиктин кыйла натыйжалуу механизмдерин пайдаланууда өз ара кызыкчылыктарын билдиришти.

Мамлекет башчылары коопсуздуктун жана туруктуулуктун азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу, экономикалык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү максатында, анын мүчө-мамлекеттери ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган Уюм катары, ШКУнун күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча позицияларынын жакындыгын жана шайкештигин белгилешти.

Мамлекет башчылары ШКУ алкагында биргелешкен долбоорлорду финансылык камсыздоо максатында, ШКУнун Өнүктүрүү Банкын жана ШКУнун Өнүктүрүү Фондун (Атайын эсеп) түзүү жөнүндө маселелерди талкуулоо боюнча эксперттик деңгээлде консультацияларды улантуу жөнүндө 2016-жылы ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) Чечимин аткарууну тездетүү маанилүү деп эсептешет.

17. Кыргыз тарабы конструктивдүү диалогдун, тең укуктуулук принциптеринин, өз ара пайданын, бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоонун жана эске алуунун негизинде, региондук маселелерди биргелешип чечүүнү иштеп чыгууга тартыла турган Бириккен Улуттар Уюмунун калкасы астында "Борбордук Азия: бирге өткөн мезгил жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн кызматташтык" аттуу жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференцияны ушул жылдын ноябрь айында өткөрүү тууралуу өзбек тарабынын демилгесин колдойт.

18. Эки өлкөнүн президенттери «Алтай цивилизациясы жана Алтай тилдер тобуна кирген тектеш элдер» Эл аралык форумунун Кыргыз Республикасында өтүшүн колдоду, эки өлкөнүн илимий-агартуучулук жана академиялык чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштын ар тараптан өнүгүшүнө ишенерин билдирүү менен, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүнү, кызматташтыкты бекемдөөнү жана кеңейтүүнү шартташат.

19. Кыргыз тарабы дүйнө элдеринин улуттук музыкалык маданиятынын салттарын сактоого жана пропагандалоого, аларды искусство аркылуу жакындаштырууга жана ширелтүүгө көмөктөшкөн "Шарк тароналари" Эл аралык музыкалык фестивалынын (Чыгыш мелодиялары) Самарканд шаарында туруктуу өтүшүн жогору баалайт.

20. Мамлекет башчылары кеңири эл аралык колдоо тапкан Бишкек шаарында Ак илбирсти коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк форумду өткөрүүнүн актуалдуулугун белгилешти.

21. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташууну ар тараптуу тереңдетүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына кызмат кыларын белгилешти. Тараптар жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер, ар кандай чөйрөлөрдө, эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жаңы кубаттуу түрткү берет, тынчтыкты бекемдөөнү, региондо туруктуулукту, ошондой эле анын туруктуу өнүгүшүн жана гүлдөп-өсүшүн шарттайт деп ишенээрин билдиришет.

22. Тараптар 2018-жылы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына карата биргелешкен иш-чаралардын комплексин өткөрүүнү макулдашты.

21. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана бүткүл кыргыз элине өзбек делегациясына көрсөткөн меймандостугу, жылуу, достук кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жооп катары Мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды. Сапардын так мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат.

Пикир

Оставить комментарий