• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Атамбаев: Менин кайтып келүүмдүн максаты – КСДПны 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдоо

Саясат 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын Социал-демократтар партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө. Бул тууралуу КСДПнын съездинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында партиянын лидери, өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Ал КСДПнын максаты Атамбаевдин премьер-министр болушу эместигин белгиледи. “Менин максатым бийлик эмес. Эгерде бийликти кааласам, анда референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизмекмин. Мага кайрылып, менин дагы бир мөөнөткө калуумду сурагандар болду. Бирок аны буга барган жокмун”, - деди ал.

“Мен бүгүн жакшы премьер-министр иштеп жатат деп эсептейм. Энергиялуу жана жаш. Ал жаңылышы мүмкүн, бирок бул бир иш жасап жаткан адам. Мен 2020-жылдагы шайлоого даярданайын деп жатам. Өлкөдө келечекте көпкө кала турган бир нече системалык партиялар болушу керек”, -деди ал.

Атамбаев КСДП өлкө демократиялык , парламенттик жол менен өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтин үлүшүн өзүнө алышы керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий